Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:42

Швейцария Баткенге жардам катары 450 миң доллар бөлөт


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талканган үй. 14-17-сентябрь, 2022-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда талканган үй. 14-17-сентябрь, 2022-жыл.

Швейцариянын өкмөтү чек ара жаңжалынан жабыркаган Баткен облусуна жардам катары 450 миң доллар бөлөт. Бул тууралуу Швейцариянын Бишкектеги элчилиги кабарлады. Маалыматка караганда, бул каражатка Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы тамак-аш жана азык-түлүк жагынан көмөк көрсөтөт.

Буга чейин Жапониянын өкмөтү Кыргызстанга гранттык негизде бир миллион доллар жардам бөлгөн. Гуманитардык жардам Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда жабыркаган тургундарына жардам катары берилери жарыяланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылган.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Дүйшөмбү канча турак жай талкаланганы тууралуу расмий билдирүү жасай элек. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG