Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:22

Орусияда жети миллион рубль уурдоого шек саналган Борбиева 2,5 жылга кесилди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусиянын Новосибирск шаарындагы сот "жети миллион рубль уурдап алган" деген шек менен камалган кыргызстандык жаран Айнагүл Борбиеваны 2,5 жылга эркинен ажыратты.

Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Анда Борбиева кармалгандан тартып Новосибирскидеги Башкы консулдук мүмкүн болгон жардамдын баарын бергени айтылат.

"2021-жылы 4-ноябрда Айнагүл Борбиева жумушуна баратып көчөдөн баштык таап алган. Кийинчерээк ал баштыктын ээси, шаар тургундарынын бири анда жети миллион рубль болгонун айтып чыккан. Тергөөнүн жүрүшүндө Борбиева күнөөлүү эместигин айткан жана баштыкта шейшеп, беткап, калемсап жана флэш карта гана болгонун билдирген. Сотто бөгөт чарасы каралганда Башкы консулдук аны камакка албоо тууралуу өтүнүч келтирген. Консулдуктун кызматкерлери Борбиева менен такай байланышта болгон. Учурда шаардык соттун чечимине каршы облустук сотко арыз даярдалып жатат",- деп айтылат маалыматта.

Соттолгон кыргызстандык келиндин маселесин Жогорку Кеңештин 3-ноябрдагы жыйынында депутат Сеидбек Атамбаев көтөрдү. Ал буга байланыштуу президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, укуктук жардам берилиши керектигин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG