Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

The Times: Патрушев менен Бортников Путинди согуш баштоого көндүрүшкөн


Патрушев жана Путин.
Патрушев жана Путин.

Николай Патрушев менен Александр Бортников Украинага куралдуу кол салуу уюштурууну жактап, Владимир Путинди ага көндүрүшкөнүн британиялык The Times басылмасы жазды.

Патрушев - Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы, Бортников - Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) директору.

Аталган басылма журналист Оуэн Мэттьюздун жакында чыга турган китебинен үзүндү жарыялап жатат. Бул китеп, автордун айтымында, согушка даярдыктын тарыхына байланыштуу орусиялык ишмерлердин жана башка кишилер менен уюштурулган маектерге негизделген.

Мэттьюздун ырасташынча, Патрушев, Бортников жана аларга санаалаш башка ишмерлер Украинага “алдын ала” сокку уруу зарылдыгына бекем ишенишкен. Алар бул соккуну Орусияны "Батыштан улам өсүп бараткан стратегиялык коркунучунан арылтуу" үчүн керек деп эсептешкен.

Орусиянын Украинага куралдуу кол салуусу быйыл 24-февралда башталган.

Орус бийликтери The Times гезитинде жарыяланган материалга комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG