Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

ЖМК согушка мобилизацияланган 115 орусиялык набыт болгонун ырастады


Украина менен согушта орус армиясына мобилизацияланган кеминде 115 жаран каза болду. Бул сандар Mediazona жана Би-Би-Синин орус кызматынын жаңыланган эсебинде көрсөтүлдү. Журналисттер согушта көз жумгандардын жалпысынан 8294үнүн тек жайы белгилүү болгонун ырасташууда

Кабарчылар согуш башталгандан бери орус тараптан курман болгондор тууралуу маалыматтарды чогултуп келишет. Мониторингге өлүмү ачык булактардын негизинде аныкталган адамдар гана кирет. Чыныгы жоготуулар бир нече эсе көп болушу ыктымал.

Орусия каза болгондордун саны тууралуу так маалымат бербейт. Батыш чалгын кызматтары он миңдеген киши көз жумганын айтып келатышат. Украина армиясынын Башкы штабы 74 миң 840 орусиялык набыт кеткенин билдирген.

Украина тарап да каза болгон аскерлердин санын анык айта элек. Июль айынын ортосунда Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы курмандыктарды ачыкка чыгаруу - “душман үчүн иштөө” менен барабар экенин белгилеген.

Июлда АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын жетекчиси Уильям Бёрнс украин тараптын жоготуулары Орусияныкынан азыраак экенин билдирген. Орус тарап айткан эсептерге таянсак, Украина 100 миңден ашуун кишисин жоготту.

Адатта аскердик кагылышууларда тараптар душмандын жоготууларын көбүртүп-жабыртып, өздөрүнүн жоготууларын азайтып беришет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG