Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

Путин Украинадагы согушка 318 миң орусиялык тартылганын айтты


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Украинадагы согушка Орусиядан 318 миң адам тартылган, алардын 49 миңи согуш жүрүп жаткан аймактарда, калгандары машыгуудан өтүүдө. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянтта ыктыярчылар менен сүйлөшкөн маалда билдирди. Буга чейин коргоо министри Сергей Шойгу 87 миң адам мобилизацияланганын айткан.

Планга ылайык, мобилизациянын алкагында 300 миң орусиялык чакырылышы керек болчу. "Эмне үчүн 318? Себеби волонтерлор. Ыктыярчылардын саны азайбай жатат", — деп түшүндүргөн Путин. Ал 4-ноябрда ыктыярдуу түзүлүштөр жөнүндө мыйзамга да кол койду.

Путин ошондой эле оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жарандарды Украинадагы согушка тартууга уруксат берген мыйзамга да кол койду. Бул мыйзам педофилия, терроризм, экстремизм, мамлекетке чыккынчылык кылуу жана мыйзамсыз куралдуу топ уюштуруу боюнча соттолгон адамдарга колдонулбайт.

Буга чейин "ЧВК Вагнер" деп аталган мекемеде камактагыларды согуш торуна тартып жатканы айтылган.

Орусия Украинанын аймагына 2022-жылдын 24-февралында басып кирген. Сентябрдын аягында элди мобилизациялоо жөнүндөгү жарлыкка кол койгон. Бир айдан кийин коргоо министри Сергей Шойгу Путинге мобилизациялык план аткарылганы тууралуу маалымат берген. Шойгу кошумча аскерге чакыруу пландалбаганын — аскерлер келишим менен иштеп жаткан жоокерлердин жана ыктыярчылардын эсебинен алынарын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG