Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

АКШ Украинага миңден ашык "жанкечти" учкучсуз учак берет


Украинанын аскерлери.
Украинанын аскерлери.

400 миллион долларлык жаңы аскердик жардамдын алкагында Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Украинага 1100 Phoenix Ghost камикадзе учкучсуз учактарын, 250 зооттолгон автоунаа жана танктарды берет.

Куралдардын көбү Украина үчүн атайын чыгарылат. Ушундан улам аны жеткирүү 2023-жылы аяктай турганы айтылды.

Февраль айынан бери Вашингтон Украинага 18 миллиард долларлык аскердик жардам берди. Киев буга чейин Phoenix Ghost үлгүсүндөгү 700 дрон алган. Бул учкучсуз учак бутага алуу үчүн абада алты сааттан ашык уча алат. Дрон зооттолгон техниканы жок кылууга жөндөмдүү.

Жума күнү АКШнын президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Киевге барып, АКШ Киевге жардам берүүнү уланта турганын билдирген.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Орусиянын Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

XS
SM
MD
LG