Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:44

Зеленский АКШнын БУУдагы өкүлү Линда Томас-Гринфилдге жолукту


Киев. 8-ноябрь, 2022-жыл.
Киев. 8-ноябрь, 2022-жыл.

Украин президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда Владимир Зеленский Линда Томас-Гринфилдден Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) "токтоосуз кадамдарды" жасашы зарылдыгын өтүндү.

Анын ичинде Ирандан Орусияга жиберилип жаткан учкучсуз ракеталарды иликтөөчү эксперттерди, Украинанын талкаланган энергетикасын баалоочу өкүлдөрдү токтоосуз жөнөтүү, украин энергетикасын калыбына келтирүүгө көмөктөшүү мүмкүнчүлүгүн колдонуу талаптары бар.

"Террордук өлкөлөрдүн МАГАТЭге мүчөлүгүн, артыкчылыктарын чектөө керек", - деди Зеленский.

Тараптар Орусиянын БУУдагы мүчөлүгүн да чектөө мүмкүнчүлүктөрү, орус агрессиянын кенемте механизмдерин, украин аскерлерин жана жарандарын камаганы үчүн Орусияга өзүнчө трибунал түзүүнү сүйлөштү.

Маалыматта украин мамлекет башчысы Орусиянын толук баскынчылыгына карабай, Украина дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр экенин билдирди.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд Киевге бир күндүк визит менен барды. Анын сапары "АКШ Украинаны колдорун дагы бир ирет ырастоо максатында болгонун" АКШнын Киевдеги элчилиги маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG