Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Кемпир-Абад иши: абактагылар депутаттык комиссия түзүүнү өтүндү


СИЗО-1
СИЗО-1

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Кемпир-Абад маселеси боюнча камалган саясатчы жана активисттер кармалып турган Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) 4-ноябрда кирип чыгышты.

Эл өкүлү Сеидбек Атамбаевдин Фейсбук баракчасына жазганына караганда, өзүнөн сырткары депутаттар Чыңгыз Айдарбеков, Нилуфар Алимжанова, Эмил Жамгырчиев, Гуля Кожогулова, Элвира Сурабалдиева жана Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Бакыт Рысбеков камалгандардан кабар алды.

Алар мыйзамсыз кармалышканын жана мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн орган тарабынан эч бир тыянак болбогонун белгилешкен.


Жолугушууда кармалгандардын бири Нурбек Асанбековдун Кемпир-Абадды коргоо комитетине тиешеси жоктугу, анын жөнөкөй курулушта иштеген жумушчу экени, жашы жете элек эки кызды жалгыз багып жатканы айтылган. Мындан сырткары Атамбаев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын өнөкөт оорусу күчөп, тергөө абагындагы дарыгерлердин жардамын алып жатканын жазган.

"Кармалгандар Кемпир-Абад боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу Жогорку Кенештин бардык депутаттарына кайрылуу жолдоду. Кыргызстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери тарабынан Кемпир-Абад боюнча макулдашууга кол коюлгандан кийин, алардын түшүнгөнү боюнча Кемпир-Абад маселеси үчүн кимдир бирөөнү абакта кармоо жана аларга кылмыш ишин улантуунун кажети жок экенин белгилешти", - деп жазган депутат Атамбаев.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалып, дээрлик бардыгы эки айга камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүрүп жатканын маалымдаган жана далил жетиштүү экенин билдирген. Кармалгандар күнөөсү жок экенин айтып жатышат.

Буга чейин эки айга камалган саясатчы, активисттер менен Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Мирлан Самыйкожо, Эмил Токтошев жана акыйкатчы Атыр Абдрахматова кабар алган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG