Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:32

Төө-Ашууда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди

Төө-Ашуу жолундагы унаалар. (архив сүрөт)
Төө-Ашуу жолундагы унаалар. (архив сүрөт)

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунан жүк ташуучу автоунаалардын өтүшүнө убактылуу тыюу салынды. Транспорт жана жол министрлиги маалымдагандай, чектөө аба ырайы жакшырганча болот.

Учурда жолдун 80-чакырымынан 209-чакырымына чейинки аралыкты кардан жана күрткүлөрдөн тазалоо иштери жүрүп жатат. Жол башкармалыктарынын жумушчулары жолго кум-шагыл чачууда.

Айдоочуларга автоунаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кемитпөө сунушталууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG