Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Шаардык сот активист Таалай Мадеминовду камакта калтырды


Бишкек шаардык соту.
Бишкек шаардык соту.

Бишкек шаардык соту массалык башамаландык уюштурууга даярдык көрүүгө шек саналган активист Таалай Мадеминовдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Биринчи май райондук соту аны 20-декабрга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Сот мунун алдында Мадеминов менен кошо "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Перизат Суранованын, жарандык активист Али Шабдандын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

23-24-октябрда жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер жана блогерлер Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалып, дээрлик бардыгы эки айга камалышкан. "Массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын саны 26га жетти.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Кармалгандар өздөрү күнөөсү жок экенин айтып жатышат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG