Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Финансы министрлиги бюджеттин тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-ноябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик бюджетиндеги тартыштык 35,4 млрд. сомго жетти. Финансы министрлиги буга Орусияга каршы киргизилген санкциялардан улам түшкөн салыктын көлөмү азайганы себеп болгонун 10-ноябрда билдирди. Таратылган түшүндүрмөдө ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн кирешелеринин, Кыргызстанда бажы төлөмдөрүнүн көлөмү азайганы да айтылат.

Министрликтин маалыматы боюнча республикалык бюджеттин кирешеси 10,1 млрд. сомго кыскарып, 272 млрд. сомду түзгөн. Ал эми чыгаша 16,1 млрд. сомго көбөйүп, 307,4 млрд. сомго жеткен.

"Мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү органдардын чыгымдары 11,8 млрд. сомго өскөн. Инфраструктуралык долбоорлорго коротулган мамлекеттик инвестициялык чыгашалар 1,4 млрд., бюджеттин чыгашалары 2,9 млрд. сомго көбөйгөн. Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгы 26,2 млрд. сомго өскөн", - деп жазылган маалыматта.

Министрлик республикалык бюджеттеги 35,4 млрд. сомдук тартыштык бюджеттик каражаттардын (14,5 млрд. сом), атайын эсептердеги каражаттардын (6,7 млрд. сом) жана мамлекеттик инвестициялардын азайышынан ( 14,2 млрд. сом) улам пайда болгонун айтууда. Маалыматта бул каражаттардын орду ички жана тышкы булактар аркылуу жабыла турганы жазылган.

2022-жылдын мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 282,1 млрд. сом, ал эми чыгаша бөлүгү 291,2 млрд. сом деп бекитилген. Жалпы тартыштык 9,1 млрд. сом деп болжолдонгон.

Кыргыз өкмөтү соңку он айда бюджетти колдоо үчүн эл аралык донор уюмдардан 180 млн. доллар алды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG