Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

"Бир дүйнө - 2022" фестивалына ар кайсы өлкөдөн 22 тасма катышат


14-18-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган адам укугу тууралуу эл аралык даректүү фильмдердин “Бир дүйнө - 2022” эл аралык фестивалына Украина, Чехия, Франция, Словакия, Германия, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн 22 фильм катышууда.

"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын маалыматына караганда, бул жылы фестиваль “Климат жана кризистер: жарандардын фундаменталдык укуктары боюнча кырдаал, Туруктуу өнүктүрүү максаттары үчүн альтернативалар” темасына арналат.

"Иш-чарада көрсөтүлгөн тасмада авторлордун көз караштары аркылуу азыркы замандын адамдарын санааркаткан климаттын өзгөрүлүшү жана кризистердин таасири тууралуу эң маанилүү темалар көрсөтүлөт. Кеңири масштабдагы согуштан баштап коронавирус менен күрөшүү, гендердик теңсиздиктен жана дискриминацияны токтотуу, таза айлана чөйрө менен ден соолукка кам көрүү, жарандардын татыктуу эмгекке жана жашоого болгон фундаменталдык укуктары боюнча маселелер камтылган", - деп жазылган маалыматта.

Фестивалга катышуу үчүн арыздар 1-июндан тарта кабыл алына баштаган. “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы аталган иш-чараны быйыл 16-жолу уюштуруп жатат.

Былтыр даректүү тасмалардын фестивалы “Каргашалар жана тобокелдиктер мезгилиндеги адам укуктары” деген темага арналган. Фестивалдын алкагында “Азаттыктын” “Суусамыр: -40 градустагы жашоо” деп аталган тасмасы көрсөтүлгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG