Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо ачылды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) кышкы сынагына катышууну каалагандар үчүн кошумча каттоо ачылганын бүгүн 10-ноябрда Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кышкы кабыл алуу окутуунун келишимдик формасына гана жүргүзүлөт.

Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга орто билимге же кесиптик орто билимге ээ адамдар катыша алат. Мектепти же орто, жогорку окуу жайын быйыл аяктап жаткандар каттоого алынбайт. Кошумча каттоо 25-ноябрда Бишкек жана Ош шаарларында өтөт. Каттоо акысы – негизги тест үчүн 370 сом жана ар бир предметтик тест үчүн - 370 сом.

Кыргызстанда быйыл алгачкы жолу кышында да жалпы республикалык тестирлөө өткөнү жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кышкы кабыл алуу үчүн тестирлөө 24-30-ноябрь күндөрү уюштурулат.

Тестирлөөгө катышууну каалагандарды каттоо онлайн режимде 17-27-октябрь күндөрү райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктарында өткөн.

Кыргызстанда 70тей жогорку окуу жайында 200 миңден ашуун студент билим алат, алардын 70 миңдейи башка мамлекеттердин жараны.

Адатта жалпы республикалык тестирлөө жайында уюштурулуп келет. Быйыл анын негизги этабы 24-28-май күндөрү өткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG