Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Орусия Херсондон аскерлерин чыгаруу аяктаганын билдирди


Орусиялык аскерлер.
Орусиялык аскерлер.

Орусиянын армиясы аскерлерин Херсон облусунан чыгарып кетүү аяктаганын билдирди. Бул тууралуу маалымат Коргоо министрлигинин Телеграм-каналына жарыяланды.

"Бүгүн Москва убактысы боюнча таңкы саат беште орус армиясы Днепрдин сол тарабына толук көчүрүлдү. Оң жээкте бир да аскердик техника жана курал-жабдык калган жок", - деп жазылат билдирүүдө.

Украин бийлиги бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек. Буга чейин украин президенти армиясы 41 калктуу конушту бошотконун билдирген. Өлкө президенти Владимир Зеленскийдин айтымында, орус аскерлери Херсон шаарын миналап кетип жатат.

Орусиянын бийлиги Херсон шаарынан өз армиясын чыгарып кетүүнү 10-ноябрда чечкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG