Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Бишкек шаардык соту Жеңиш Молдокматовду камакта калтырды


Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу "жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деп шектелип эки айга камалган саясатчы Жеңиш Молдокматовдун бөгөт чарасы өзгөргөн жок. Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык соту ага карата Биринчи май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды.

"Замандаш" партиясы менен 2020-жылдагы шайлоого катышкан, кийин “Туран” партиясын түзгөн Жеңиш Молдокматов 23-октябрда "Массалык башаламандык уюштурууга аракет кылуу" беренеси менен шек саналып, кармалган.

Бишкек шаардык соту 11-ноябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган саясатчы, активисттердин кармалышынын мыйзамдуулугун жана бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арыздарды кароону улантууда. Бул күнү сот Айданбек Акматов, Рита Карасартова, Чыңгыз Капаров боюнча мурдагы инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Ушул эле берене менен кармалган Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасын кароодо ден соолугуна байланыштуу дарыгерден маалымдама алып келүү үчүн танапис жарыяланды. Мунун алдында укук коргоочу Азиза Абдирасулова Асанбековду ден соолугу начарлаганын айтып, соттон аны үй камагына чыгарууну өтүнгөн. Ал абакта ачкачылык кармоону улантып жаткандыктан соттук отурумга дарыгердин коштоосунда келди.

23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кармалгандар өздөрүнө коюлган айыпка макул эместигин айтып келет.

Ички иштер министрлиги аларды "жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган" деп айыптоодо. Милиция кармалгандардын айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө.

Укук коргоочулар тынч жыйындар мыйзамга каршы келбей турганын айтып, камоолорду оппозицияга кысым катары баалады. Бир катар эл аралык уюмдар кырдаалга тынчсыздануусун билдирген. (КЕ/TSh)

XS
SM
MD
LG