Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

АКШ: Орусияга айрым санкциялар согуштан кийин да кала берет


Жанет Йеллен.
Жанет Йеллен.

АКШнын каржы министри Жанет Йеллен Орусияга салынган санкциялардын айрымдары согуштан кийин да кала берерин билдирди. Бул тууралуу ал The Wall Street Journal гезитине курган маегинде сөз кылган.

Йеллендин айтымында, эгер тынчтык келишими түзүлө турган болсо АКШ жана өнөктөштөрү Орусияга карата санкцияларды карап көрөт. "Болуп өткөн окуяларды эске алып, айрым санкциялар күчүндө калышы мүмкүн" деди ал.

Индонезияда өтүп жаткан “Чоң жыйырманын” (G20) саммитине катышып жаткан Йеллен: "Орусия тараптан Украинага ыңгайлуу шарттарда сүйлөшүү аракети болбогонун, тынчтык сүйлөшүүлөр тууралуу айтууга али эртелик кыларын" айтты.

АКШ, Британия жана Евробиримдиктин өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды 2014-жылдан - Крым аннексиялангандан бери киргизип келүүдө. Катаал чаралар быйыл 24-февралда Украинага кол салынгандан кийин кабыл алынды. Ушул тапта Евробиримдик Орусияга каршы 8 түрдүү санкция киргизген.

Украинанын согуштагы ийгиликтеринин фонунда Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөр, шарттары, санкцияларды алып салуу тууралуу талкуулар жүрүүдө. Вашингтон тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо чечимин Киев кабыл алышы керек деп эсептейт. Украина сүйлөшүүлөргө каршы эместигин билдирип, бирок негизгиси аннексияланган аймактардан, анын ичинде Крымдан орус аскерлерин чыгарып кетүү боюнча шарт коюп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG