Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт


Токтоболот Абдымомунов.
Токтоболот Абдымомунов.

Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Кыргызстандын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт. "Абдумомуновдун жумалыгы" бүгүн, 15-ноябрда “Абийир кечирбейт” спектакли менен ачылат. 18-ноябрга чейин өтө турган иш-чарада "Карагул ботом" спектакли коюлат.

Токтоболот Абдумомунов – драматург, жазуучу жана коомдук ишмер. Ал 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында туулган. Чыгармачылыгы "Кумдуу чап", "Курман" пьесалары менен башталган. Өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.

Жазуучу "Каркыралар кайтканда", "Сүйүү жана үмүт", "Бюро жүрүп жатат", "Жыгылган ооганга күлөт", "Ашырбай", "Жарыктык карыларым" ж.б. ондогон чыгармаларын жазып, алар театрларда коюлган. Булардан тышкары "Машырбек үйлөнөт", "Чолпонбай", "Карагул ботом", "Алдар көсө", "Жоробайдын жоруктары", “Абийир кечирбейт” ж.б. отуздан ашык пьесалары кыргыз драматургиясынын мыкты үлгүлөрү катар эсептелип келет.

Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG