Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Президент Мирзиёев кызы Саиданы жооптуу кызматка дайындады


Саида Мирзиеева
Саида Мирзиеева

Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев кызы Саиданы президенттик администрациянын Коммуникация жана маалымат саясатынын бөлүм башчысы кылып дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Жаңы түзүлгөн бөлүм коомдук пикирди изилдөө жана маалымат саясаты менен алектенет. Саида Мирзиёева социалдык, маданият жана билим берүү тармактарындагы реформалардын жүрүшүн да көзөмөлдөмөкчү.

Мирзиеевдин кызы 2019-2022-жылдары президенттик администрациянын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген. Быйыл Улуттук медианы колдоо жана өнүктүрүү фондунун камкорчулар кеңешинде эмгектенген.

Былтыр ноябрда кошуна өлкөдө мамлекеттик кызматта чогуу иштөөгө тыюу салынган жакындардын тизмесин кеңейтүү каралган.

Президенттердин жакындарын жооптуу кызматтарга дайындоо Борбор Азияда сейрек көрүнүш эмес. Былтыр декабрда тажик мамлекет башчысы Эмомали Рахмон үчүнчү кызы Рухшонаны Британиядагы элчи кылып дайындаган. Уулу Рустам өлкөдөгү экинчи чоң кызматты ээлейт. Туркмөнстанда 40 жаштагы Сердар Бердымухамедов быйыл март айында өлкөнү 16 жыл башкарган атасынан бийликти өткөрүп алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG