АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоодо республикалык партиянын атынан катышуу үчүн өз талапкерлигин көргөздү.
Флоридада тарапкерлеринин алдында чыгып сүйлөгөн Трамп Кошмо Штаттардын «тамтыгы чыкканын» айтып, ал үчүн жоопкерчиликти президент Жо Байденге жана демократтарга жүктөдү.
Экс-президенттин айтымында, эгер ал бийликте турганда "Украинада согуш болмок эмес" .
Бир мөөнөт башкаргандан кийин Трамп 2020-жылкы шайлоодо Байденге утулуп калган, бирок азыркыга чейин жыйынтыкты талашып келет.
Бир нече күн мурун республикачылар Конгресске болгон шайлоодо ийгиликке жете алган жок. Байкоочулар мунун фонунда Трамптын жарыясын белгилүү партиялаштары ынтызарлык менен кабыл албаганын айтышат.
Ошол эле маалда республикачылар арасында экс-президентти колдгондор көп.
2024-жылы Трампка атаандаш болуп ички шайлоодо күчтүү саясатчылар чыгышы мүмкүн. Негизгиси деп Флориданын губернатору Рон Десантис аталууда.
Ушу тапта федералдык прокуратура эки, Жоржия штатынын прокуратурасы Трамптын үстүнөн бир ишти иликтеп жатат. Ал президенттик купуя документтерди мыйзамсыз сактаган деп шек саналууда. Андан тышкары 2021-жылдын 6-январында Конгресстин имаратына жабыла кирип барган колдоочуларынын аракеттерине тиешеси каралууда. Жоржияда ал жакта 2020-жылкы президенттик шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүү аракети иликтенүүдө. Бул иштер эмне менен аяктары белгисиз.
АКШ тарыхында жалгыз Гровер Кливленд 1893-жылы президенттиктен кеткенден кийин төрт жыл өткөндө кайрадан Ак үйгө кайтып барган.