Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:15

Нарматованын сотунда сүрөт-видео тартууга тыюу салынды


Орозайым Нарматова. 2022-жылдын 16-ноябры.
Орозайым Нарматова. 2022-жылдын 16-ноябры.

16-ноябрда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, активист Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арыз каралууда. Судья соттук отурумдан видео жана сүрөт тартууга тыюу салды. Буга Нарматованын жактоочусу каршылыгын айтып, судьяларга ишенбөөчүлүк көрсөттү. Сот кеңешүүдөн кийин жактоочунун мындай өтүнүчүн четке каккан чечимин жарыялады.

Нарматова Кемпир-Абад ишине байланыштуу "жапырт башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен Москвада кармалып, 27-октябрда Бишкекке жеткирилген.

Биринчи май райондук соту Нарматованы жана аны менен чогуу ушундай эле шек менен Москвадан жеткирилген активист Илгиз Шаменовду эки айга Бишкектин №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камаган.

Шаменовдун бөгөт чарасы шаардык сотто кайсы күнү каралары азырынча айтыла элек.

23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги алар Жазык кодексинин "Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык" беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айрым саясатчылар жана активисттер бул маселе парламенттик комитетте жабык каралганда ачык айта башташкан. Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Кемпир-Абадга байланыштуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде 16-ноябрда колдоо тапты. Беш депутат каршылык иретинде залдан чыгып кетип, добуш берүүгө катышкан жок. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG