Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

НАСА Айга миссиянын алкагында кубаттуу ракета учурду


Ракетанын учурулушу. Канаверал, 16-ноябрь, 2022-жыл
Ракетанын учурулушу. Канаверал, 16-ноябрь, 2022-жыл

АКШнын Космос агенттиги – НАСА дүйнөдөгү эң кубаттуу ракетаны учурду. Space Launch System (SLS) “Артемида” долбоорунун алкагында "Орион" космос кемесин орбитага чыгарды. Жабдык Айды айланып Жерге кайтып келмекчи. Ага эки манекен жайгаштырылып, эксперименттерде пайдалануу үчүн ачыткы, козу карын, суу өсүмдүктөрү жана уруктар жөнөтүлдү.

Азыркы миссия ийгиликтүү аяктаса, "Орион" менен астронавттар учурулмакчы. Андан кийинки баскычта астронавттар 50 жылдан кийин биринчи жолу Айга конот деп күтүлүүдө.

Ракета адегенде августтун этегинде ааламга бет алмак, бирок техникалык себептерден улам жылып калган. Сентябрда аба ырайы стартка тоскоол болгон.

Адам баласынын Айга кайтып баруусу каралган долбоор 2019-жылы ал кездеги президент Дональд Трамптын буйругу менен жанданган.

1969-жылы америкалык астронавт Нил Армстронг “Аполлон-11” экспедициясынын алкагында Айга кадам таштаган алагачкы киши болуп калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG