Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Шакиев жыйынга катышпаган депутаттардын айлыгы кесилерин айтты


Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев ушул аптадан тарта жумушка негизсиз келбеген депутаттардын маянасы кыскартыла турганын билдирди. Бул тууралуу спикер парламенттин 16-ноябрдагы жыйынында айтып, эл өкүлдөрү Эмгек кодексине ылайык, сегиз саатты толук иштеши керектигин эскертти.

“Эч кандай жүйөсү жок, ар кандай шылтоолор менен жыйынга катышпаган депутаттардын маянасынан кадимкидей кыркабыз. Ушул тууралуу айтып коёюн”, - деди төрага.

Кыргызстандын Конституциясында Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотула турган эрежелер жазылган. Анда бир сессиянын ичинде парламенттин жыйналыштарына жүйөлүү себепсиз 10 жумуш күнү келбесе мандатынан айрылары белгиленген.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 90 депутаттан турат. Алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланып келген. Алар сегиз комитетте иш алып барат. Жумасына эки жолу парламенттин жалпы жыйыны өтөт. Жыйындарда депутаттар бири-бири үчүн каттоодон өтүп, мыйзам долбоорлоруна добуш бергени сынга кабылып жүрөт.

2021-жылдын 28-ноябрында шайланып келген депутаттар беш жыл иштейт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG