Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:16

Чек ара чырында жабыркагандардын маселеси парламентте көтөрүлдү


Куралдуу кол салууда кыйраган үйдүн ордуна курулуп жаткан жаңы үй. Ак-Сай, Баткен. Октябрь 10, 2022
Куралдуу кол салууда кыйраган үйдүн ордуна курулуп жаткан жаңы үй. Ак-Сай, Баткен. Октябрь 10, 2022

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен, Лейлек райондорундагы элдин турак жайын калыбына келтирүү кечеңдеп жатканын Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары айтып чыгышты.

Бүгүн, 16-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда депутат Жанарбек Акаев үйү кыйраган адамдар чатырда жашап жатканын билдирди.

"Көпчүлүк үйлөрдүн пайдубалы гана калыптыр. Ошо пайдубалдарды да курулуш компаниялары өз чөнтөгүнөн куруптур, "бир тыйын берген жок" дейт. Элдин баары же чатырда же боз үйдө жашап атышат. Эң көп үйлөр талкаланган Арка айылына үч контейнер барыптыр. Суук азыр, кыш. Бир тыйын акча ала электер бар. Куралдуу жаңжал болгондо элибиз чогултуп берген акча кана? КТРден күнүгө көрсөткөндөй укмуш жашоо жок экен ал жакта! 320 млн. сом накталай түшкөнүн айтып аттыңар эле, кана ошол акча? Ошол каражатка жок дегенде элдин үйүн жаап, суукта үшүтпөй, киргизсек болмок да", - деди Жанарбек Акаев.

Чек ара чырынан жабыркаган баткендиктердин турак жайларын калыбына келтирүү иши өтө жай жүрүп жатканын депутат Камила Талиева да айтты. Ал өкмөттө бири-бирине шылтамай күч алганын белгилеп, чек ара жаңжалынан аргасыз жер которуп, башка жакта жашап жаткан жарандардын саны тактала электигин кошумчалады.


Депутат Султанбай Айжигитов Баткендеги куралдуу жаңжалда кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүүгө бөлүнгөн каражаттардын пайдасын ортодо шылуундар көрүп жатканын айтып, өкмөттүн өкүлүн ушул маселеге көңүл бурууга чакырды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин маалыматына караганда, 24-ноябрда бул маселе боюнча өкмөт парламентте маалымат берет.

Быйыл 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяда эки тараптан тең жүздөн ашуун киши каза тапты. Бул үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптаган.

Кыргызстанда 700гө чукул үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалда калды. "Озоди" өз булактарына таянып Тажикстандын чек арага жакын айылдарында да турак жайлар талкаланганын жазды. Маалыматты расмий жана көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн болгон эмес. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG