Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:41

Жалал-Абадда “Бирге көтөргөн жүк жеңил” фестивалы өттү


Фестивалдын катышуучулары.
Фестивалдын катышуучулары.

Жалал-Абад шаарында “Бирге көтөргөн жүк жеңил болот” аттуу республикалык масштабдагы фестиваль өткөрүлдү. 15-ноябрда өткөн иш-чарага облус аймагынан жалпысынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 200дөн ашуун адам катышып, ыр-бий, спорттун жети түрү боюнча күч сынашуу менен коштолду.

Фестивалды “ДМЧ-ЛОВЗ” коомдук фонду демилгелеп, уюштуруу жагын өзүнө облустук бийлик алган. Жеңүүчүлөргө демөөрчүлөр акчалай сыйлык, диплом жана медаль тапшырышты. Саамалык алкагында майыптыгы бар адамдардын кол эмгеги коюлган жарманке да өттү.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда майыптыгы бар 42,6 адам катталган, алардын 8 миңдейи бала кезинен майып.

Декабрдын башында белгиленүүчү Майыптардын эл аралык күнүн утурлай жер-жерлерде түрдүү кайрымдуулук иш-чаралары уюштурулуп турат. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG