Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Президент ЖКнын регламенти жөнүндө мыйзамга кол койду


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө” мыйзамдын макулдашылган редакциясына кол койду. Документти парламент быйыл 30-июнда кабыл алган. Бирок 19-августта президент аны каршы пикири менен артка кайтарган.

Ушундан улам мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынан, Юстиция министрлигинин, президенттин администрациясынын жана Жогорку соттун өкүлдөрүнөн турган макулдашуу тобу түзүлгөн.

Ал топ иштеп чыккан мыйзамдын макулдашылган вариантын Жогорку Кеңеш 20-октябрда кабыл алган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мыйзам буга чейин Конституциянын жана Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу менен кабыл алынгандыктан артка кайтарылганын жүйө кылган.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев президент долбоорду кайра кайтарганда бир канча жобого каршы пикирин билдиргенин айтып, аны Жогорку Кеңештин макамын төмөндөтүү катары баалаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG