Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Кадамжай: 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шектүүлөр камакта калды


Иллюстрация
Иллюстрация

Баткен облусунун Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын өлүмүнө шек саналып кармалган төрт адамдын камактагы мөөнөтү узартылды. Алар 2023-жылдын 4-январына чейин камакта калтырылды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Замирбек Ормонов билдирди. Анын маалыматы боюнча, иш азырынча сотко өткөрүлө элек.

Быйыл 5-сентябрда Баткен облусунун милициясы Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын сөөгү табылганын билдирген. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Кадамжай районунун Исхак-Полотхан (ред: мурдагы Халмион) айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 8-сентябрда кыздын өлүмүнө байланыштуу райондун жашы жете элек дагы бир тургуну кармалган.

Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, Жогорку Кеңеште педофилдерге жазаны катаалдатуу сунуштары айтылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG