Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Бишкек мэриясы жарнама такталарынан жылына 37 миллион сом табат


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкек шаарында ушул тапта 541 чоң жарнама такталарына 167 келишим түзүлгөн.

Бул тууралуу 16-ноябрда Бишкек мэриясы Жогорку Кеңеште “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралган учурда билдирди.

Маалымат боюнча, борбордогу жарнама такталарды ижарага берүүдөн мэрияга жыл сайын 37 миллион сомдун тегерегинде каражат түшөт.

Бишкекте автожолдордун четиндеги такталардан тышкары ар кандай рекламалык баннерлер, курулуштар бар.

Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция 15-ноябрда эле борбордо мыйзамсыз илинген жана орнотулган 2000 жарнаманы алды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG