Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:03

Байден: Польшага тийген ракета Орусиядан атылган деген ыктымалдык аз


АКШ президенти Жо Байден Польшанын президенти Анджей Дуда менен телефондон сүйлөшүүдө. Индонезия, 15-ноябрь 2022-жыл
АКШ президенти Жо Байден Польшанын президенти Анджей Дуда менен телефондон сүйлөшүүдө. Индонезия, 15-ноябрь 2022-жыл

АКШ президенти Жо Байден Польшага тийген ракета Орусиядан атылган деген ыктымалдык "төмөн" деп билдирди. Дүйнө державаларынын лидерлери менен чукул жыйында Байден толук иликтөө аяктамайынча, так бир нерсе айтууга болбой турганын белгиледи.

Шаршембиге караган түнү Польшанын президенти Анжей Дуда шашылыш кайрылуу жасаганда өлкө аймагына түшкөн ракета, сыягы Орусияда жасалган деп айткан. Бирок аны ким атканын далилдеген фактылар азырынча жок экенин, иликтөө уланып жатканын кошумчалаган.

Окуя болгон жерде эки киши каза тапканы кабарланган.

Ракета Польшага тийгени 15-ноябрда кечинде Орусия украин аймагын тынымсыз аткылаган учурда белгилүү болгон. Бир катар агенттиктер орусиялык ракета Польшанын чек арасынан өтүп, айыл чарба фермасына кулаганын маалымдаган. Украина жана НАТОнун айрым мүчөлөрү да орус ракетасы тууралуу маалыматтарды тараткан.

Орусиянын Коргоо министрлиги өз аскерлери украин-поляк чек арасына жакын жерге сокку урбаганын билдирди жана ракетага байланышкан маалыматтарды чагым деп атады.

Associated Press агенттиги америкалык үч аткаминерге шилтеме берүү менен ракета орус дүрмөттөрүн атып түшүрүү үчүн украин тараптан учурулган болушу мүмкүн деген версияны жарыялады.

15-ноябрда Орусия согуш башталгандан бери эң масштабдуу ракета чабуулдарын ишке ашырды. Украинанын жер-жерине 100 чакты ракета атылган. Анын ичинде Польша менен чектешкен Львов облусу да бутага алынган. Соккулардан бир киши мерт кетти, алтоо жаракат алды, 7 миллиондой кожолук электр жарыгысыз калды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG