Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Сузак районунда чакан ГЭСтин курулушу аяктап калды


Сокулук-2 чакан ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.
Сокулук-2 чакан ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.

Сузактык үч айылды электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн чакан ГЭС курулуп жатат.

Аны жергиликтүү ишкер куруп жатканын президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка караганда, Сузактын Ленин айыл аймагынын Айгыр-Жал участкасындагы чакан ГЭСтин курулушу өткөн жылы башталып, учурда дээрлик 90% жакыны аяктап калды. Анын кубаттуулугу саатына 2400 кВтка чейин жетет.

Мындан тышкары Сузак, Базар-Коргон жана Токтогул райондорунда Чакан ГЭСтердин курулуш иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Жалал-Абад облусунун аймактарында жалпы 23 чакан ГЭС куруу долбоору даярдалган. Анын онун 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүп, пайдаланууга берүү пландалганын буга чейин президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев "Азаттыкка" билдирген.

Ички инвесторлордун жардамы менен Токтогул районуна эки, Кара-Көл шаарына бир, Аксы районуна эки, Чаткал районуна эки, Базар-Коргон районуна эки, Сузак районуна бир чакан ГЭС куруу мерчемделген. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG