Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:14

G20 саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алынды


Байден "Чоң жыйырманын" саммитине келген учур. Индонезия. 14-ноябрь, 2022-жыл.
Байден "Чоң жыйырманын" саммитине келген учур. Индонезия. 14-ноябрь, 2022-жыл.

"Чоң жыйырманын" (G20) Балидеги саммитинин катышуучулары жыйынтыктоочу декларацияны кабыл алды.

Коммюникеде белгиленгендей, катышуучулардын көбү Украинадагы согушту айыптады, уруш абдан көп азап чегүү алып келгенине, дүйнөлүк экономиканы олку-солкуга кириптер кылып жатканына басым жасалган. Муну менен бирге "башка пикирлерди кармангандар болгону" айтылат.

Мындан тышкары, лидерлер өзөктүк курал колдонууга жеткирбөө жана андай курал менен опузалоого жол бербөө зарылдыгын, Украина менен Орусиядан азык-түлүк, буудай, жер семирткичтерди тоскоолдуксуз экспорттоо идеясын колдошорун белгилешти жана климаттагы өзгөрүүлөргө каршы күрөшүүгө убада беришкен.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Чоң жыйырманын" жыйынтыктоочу жыйынына катышкан жок, Индонезиядан шейшембиде кеткен. Москванын атынан документти финансы министри Антон Силуанов жактырды.

Бийик деңгээлдеги жолугушуу Индонезиянын Бали аралында 15-16-ноябрь күндөрү өттү. The Guardian жазганына караганда, орус делегациясы катышкандыктан, башында жетекчилер салттуу түрдө чогуу сүрөткө түшкөн жок.

Орусия президенти иш чарага барган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG