Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:58

Орусия согуш ачкандан бери атмосферага 97 миллион тонна зыяндуу газ бөлүнүп чыкты


Харьков орус армиясынын чабуулунан кийин. 25-март, 2022-жыл
Харьков орус армиясынын чабуулунан кийин. 25-март, 2022-жыл

Орусия Украинага согуш ачкандан бери атмосферага глобалдык жылуулукту тездеткен 97 миллиондон ашуун тонна зыяндуу газ бөлүнүп чыкты. Мындай санды Украинанын Жаратылыш министрлиги БУУнун климаттагы өзгөрүүлөр боюнча саммитинде (COP27) келтирди.

Арасына украиналык жана эл аралык адистер кирген докладдын авторлору ошол газдын беш булагын бөлүп атаган. Алсак, согуш тилкесинде 6 миң өрт катталган. Бул былтыркы көрсөткүчтөн 122 эсе ашат. Өрт чалган жалпы аянт 486 миң гектарга жетет.

Андан тышкары "согуштук зыяндуу газдын" 15% "Түндүк агым-1" жана "Түндүк агым-2" газ куурлары жарылганда бөлүнүп чыккан метанга туура келет. Эксперттер аскердик жана жарандык техниканын отуну, жер которгон качкындар бул көрүнүшкө салым кошконун белгилешет.

Зыяндуу газдар планетанын ысышына алып келген негизги факторлордун бири. Жер жылыган сайын нөшөр жаан, аптап күчөп жатат. Анын арты табигый кырсыктарга, адам өлүмүнө, турак жайлардын, инфраструктуранын кыйрашына алып келүүдө.

XS
SM
MD
LG