Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:53

Камчыбек Ташиев: Орто-Токой суу сактагычы Кыргызстанда калды (видео)


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев “Орто-Токой суу сактагычы Өзбекстанга өтүп кетти” деген маалыматтар жалган экенин айтты. Бул тууралуу ал 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Орто-Токой өтүп кетиптир” деген калп. Анын баары өзүбүздө калды. Биздин жерибиз, биздин плотина”, - деди Камчыбек Ташиев.

Орто-Токой суу сактагычы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Маалымат боюнча, Орто-Токой Кыргызстандын 1,5 миң гектар, Өзбекстандын 28 миң гектар жерин сугарат.

Камчыбек Ташиев 2021-жылы суу сактагычтагы суунун 95% Өзбекстан колдонуп жатканын айткан.

17-ноябрда Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG