Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:52

Кыргызстан-ЕБ кызматташтыгы боюнча келишим талкууланды


Жээнбек Кулубаев жана Жозеп Боррель.
Жээнбек Кулубаев жана Жозеп Боррель.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель кызматташтык келишими боюнча маселени талкуулады. Андан тышкары Кыргызстандын жарандарын Евробиримдиктин өлкөлөрүндө ишке орноштуруу шарттарын, виза режимин жеңилдетүү маселелери да каралды. Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси жолугушуу 15-ноябрда Брюсселде өткөнүн билдирди.

27-октябрда Астанада президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин башчысы Шарль Мишел менен жолугуп Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташтык келишимине кол коюу жараянына даярдык маселесин талкуулаган.

Европадагы 27 өлкөнүн башын бириктирген Европа Биримдиги менен өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашууга Кыргызстан 1999-жылы кол койгон.

Макулдашууну жаңыртуу тууралуу сөздөр 2017-жылдан бери айтылып келатат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жаңы келишимге кол коюлганы жатканы тууралуу маалыматты быйыл 13-апрелде да жарыялаган. Анда негизги басым саясий кызматташтыкка, соода-экономика жана инвестиция мамилелерине бурулары кабарланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG