Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Президент чек ара маселесинде депутаттарды жоопкерчиликтүү болууга чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Өзбекстандын чек арасына байланыштуу мыйзам долбоорлорун ратификациядан өткөрүү маселесинде жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Бул тууралуу өлкө башчы 17-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында айтты.

“Сиздерди эл мамлекеттин тагдырын чечет деп ишенип шайлаган. Тагдыр чече турган маселеде “мен ооруп жатам” деп же иш сапарга кетип калган туура эмес. Бул эл ишенимине жоопкерчиликсиз мамиле. Эч коркпоңуздар. Биз туура жолдо кетип баратабыз. Жер берип жаткан жокпуз. Тескерисинче мурдагылар берип жиберген жерлерди кайтарып алуудабыз”.

Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат.

“Кемпир-Абадды коргоо комитети” Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрбөөгө чакырды.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. (BTo)

XS
SM
MD
LG