Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:10

Шаардык сотто Болот Темировдун ишин кароо 23-ноябрда уланмай болду


Болот Темиров сот залында. 2022-жылдын 17-ноябры.
Болот Темиров сот залында. 2022-жылдын 17-ноябры.

17-ноябрда Бишкек шаардык сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши каралды. Отурумда Темиров көрсөтмө берип, прокурордун жана адвокаттардын суроолоруна жооп берди. Кийинки отурум 23-ноябрда өтмөй болду.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда судья Акылбек Адимов Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Судья Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгилеген. Ал эми документ жасалмалоо деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирген.

Ага чейинки отурумда мамлекеттик айыптоо сотко Темировду беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоону сунуш кылган. Прокурор Мээрим Алиева аны өлкөдөн чыгаруу тууралуу да маселе көтөргөн.

Прокуратурадан райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко арыз жөнөтүлгөнү ушул айдын башында белгилүү болгон. Темиров прокуратура "журналист 2010-жылдын 26-октябрында Кыргызстандын жаранынын мыйзамсыз алынган паспортун көрсөткөн, анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда баңгизат табылган" деген жүйө келтирип жатканын билдирген.

Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Анын алдында Болот Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.

Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Журналистке “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене да кошулган.

Тергөөнүн материалдарында Темировдун аскердик билети Орусиянын жаранына таандык экени жазылган.

УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналистке бут тосуу болуп жатканы тууралуу айыптарды четке каккан.

Президенттин басма сөз кызматы бийлик иликтөөчү журналисттерге колдоо көрсөтөрүн билдирген.

Төкмө акын Болот Назаров "Ютуб" каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет. (RK)

XS
SM
MD
LG