Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Москвадагы "Садовод" базарында өрт чыкты


Москвадагы "Садовод" базары.
Москвадагы "Садовод" базары.

Москвадагы "Садовод" базарында өрт тутанып, ал жактагыларды эвакуациялоо башталды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Өзгөчө кырдаалдар кызматына таянып жазды.

Маалыматка караганда бир нече соода контейнери күйүп кеткен. Жеринде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат. Жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.

Базардын жалпы аянты 40 гектарды түзөт. Андан жылына 36 миңдей киши соода кылат.

"Садовод" базарында негизинен борбор азиялык мигранттар эмгектенишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG