Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Нидерланд соту MH17 каттамындагы учакты Орусияда жасалган ракета атып түшүргөнүн ырастады


Нидерланд сотунда төрагалык кылган судья Хендрик Стенхейс (сол жактан экинчи)
Нидерланд сотунда төрагалык кылган судья Хендрик Стенхейс (сол жактан экинчи)

Нидерланд соту Malaysia Airlines компаниясынын MH17 каттамындагы учагы Орусияда чыгарылган ракета менен 2014-жылы Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөнүн ырастады. Сот окуя боюнча төрт шектүүнүн ишин карап жатат.

"MH17 каттамындагы учак "Бук" ракетасы менен Первомайск айылынын жанындагы айыл чарба талаасынан атып түшүрүлгөн. Анын жыйынтыгында 283 жүргүнчү жана экипаждын 15 мүчөсүнүн баары каза болгон", - деди сотто төрагалык кылган судья Хендрик Стенхейс.

Малайзиялык учактын атып түшүрүлүшү боюнча соттук жараян былтыр июнь айында башталган. Амстердамдан Куала-Лумпурга багыт алган учактагылардын 196сы голландиялык болгону үчүн сот Нидерландда өтүп жатат.

Малайзиялык учак Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн №53 Абадан коргонуу бригадасынан алып келинген "Бук" ракеталык комплекси менен атып түшүрүлгөнүн Эл аралык тергөө тобу 2018-жылдын май айында билдирген. Орус тарап бул окуяга тиешеси жок экенин айтып келет.

Сотко төрт шектүүнүн бири да катышкан жок. Алардын арасында Орусиянын жана Украинанын жарандары бар.

Прокурорлордун айтымында, анын баары орусиячыл козголоңчулардын арасында башкаруучу кызматтарды ээлеп келишкен.

Малайзиялык учак 2014-жылдын 17-июлунда орусиячыл жикчилдер менен украин армиясы кармашып жаткан маалда Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG