Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Милициянын маянасы боюнча маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милициянын күзөт кызматкерлери көбөйтүлгөн айлык маянасын келишимдер кайра түзүлүп бүткөндөн кийин алат. Бул тууралуу бүгүн 18-ноябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Күзөт кызматы ИИМге карайт, бирок өзүн өзү каржылаган, ишкана-мекемелерге келишимдик негизде күзөт кызматын көрсөткөнү үчүн мамлекеттик бюджеттен тышкары башка да атайын каражат алып иштеген түзүм.

“Азыркы учурда Күзөт кызматында келишимдерди кайра түзүү иши жүрүп жатат. Иш аяктагандан кийин аталган түзүмдүн кызматкерлеринин айлыгы 1-октябрдан тартып кайра эсептелип, толук төлөнүп берилет” деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Кыргызстанда быйыл 1-октябрдан тартып күч кызматкерлеринин айлыгына кошулуучу төлөм маянанын бир жылдык фондунун 80 пайызына чейинки көлөмдө көбөйгөн. ИИМ билдиргендей, өкмөттүн токтомуна ылайык, милиционерлердин айлыгына ай сайын кошумча 20 миң сом, Баткен, Лейлек райондору менен Баткен, Сүлүктү шаарларында кызмат өткөн ички иштер кызматкерлерине 30 миң сом кошумча төлөнүп турат.

ИИМдин Күзөт кызматынын айрым кызматкерлери айлыгына кошумча албай жатканын, пандемия учурунда да андайдан куру жалак калганын бир нече күн мурда айтып чыгышкан жана талабы аткарылбаса нааразылык акциясын өткөрөрүн билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG