Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:52

Уурдалган автоунаа жол кырсыгына кабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-ноябрда Бишкекте Honda HR-V автоунаасы уурдалганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Ошол эле күнү Бишкек-Ош жолунда уурдалган автоунаанын айдоочусу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине (ЖКККК) баш бербей, токтобой кетип калган.

10-12 чакырым барган соң, башка автоунаа менен кагышып кеткен. Натыйжада үч адам жабыркады.

Ал эми уурдалган автоунаанын рулундагы 29 жаштагы Ш.у.К, анын жанындагы 39 жаштагы М.М.Б., 29 жаштагы Ж.у.Р., 28 жаштагы А.К.Т. аттуу жарандар кармалды.

Кармалган жарандар Жайыл райондук милициясына өткөрүлүп берилди.

Учурда ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстанда акыркы убакта автоунаалар арбын уурдалып жатканын байкоочулар айтышууда.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG