Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Депутат Бакиров Ак үйдөгү кызматтык бөлмөсү алмашканын билдирди


Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештин депутаттыгына ант берип жаткан учуру. 29-декабрь, 2021-жыл.
Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештин депутаттыгына ант берип жаткан учуру. 29-декабрь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров парламент имаратындагы кызматтык бөлмөсү алмашканын ырастады. Буга чейин социалдык тармактарга жарыяланган президенттин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Элмира Усенованын колу коюлган катта "Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотууңузду өтүнөм" деп жазылган. Ошондой эле катта эл өкүлүнө башка бөлмө берилери да көрсөтүлгөн.

Бакиров бул бөлмөдө 6-чакырылыштагы депутат кезинен бери отурганын жана президенттик иш башкармалыктын чечимин түшүнбөй жатканын "Азаттыкка" билдирди.

"Мен ал иш бөлмөгө мурдагы чакырылышта депутат кезимде, КСДП фракциясынын лидери болгон учурда отургам. Ошондон бери иш бөлмөм алмашкан эмес. Эмне себептен кескин түрдө чыгарып салышканына түшүнбөй турам. Мага түшкө чейин чалып айтышканда, дүйшөмбү күнү көчөм дегем. Бирок алар жардамчыларым түштөнүүгө кеткен учурда өзүм билемдик менен кирип, буюм-тайым, техниканын баарын коридорго чыгарып коюшуптур", - деди Бакиров.

Депутат Өмүрбек Бакировго президенттин иш башкармалыгынан берилген кат. 18-ноябрь, 2022-жыл.
Депутат Өмүрбек Бакировго президенттин иш башкармалыгынан берилген кат. 18-ноябрь, 2022-жыл.

Президенттин иш башкармалыгы жана Жогорку Кеңештин аппараты бул тууралуу түшүндүрмө бере элек.

17-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Бакиров кайым айтыша кеткен. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG