Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:08

Акылбек Жапаров суу стратегиясы боюнча улуттук долбоорду сынга алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 18-ноябрда Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү. Анда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясынын долбоорун тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров долбоордо өлкөнүн суу ресурстарынын келечегине комплекстүү баа берилбегендигин белгилеп, суу ресурстарын башкаруу, өзгөчө гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөр жаатында сунуштар жоктугун сындады.

"Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине республиканын бардык жаратылыш ресурстарын көзөмөлдөө жана эсепке алуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча так милдет коюлган. Бир жыл өттү, эсепке алуу да, көзөмөл да жок. Иш-аракеттердин деталдуу планы керек, аракеттериңизди конкреттештириңиз. Стратегияны Айыл чарба министрлиги менен биргеликте толуктап иштеп чыгыңыздар", - деп Акылбек Жапаров министр Динара Кутмановага тапшырма берди.

Өкмөт башчы мурда сууну адам баласы керектөө үчүн гана пайдаланса, азыр суу экономикалык, социалдык өнүгүүнүн жана бирдиктүү экологиялык системаны сактоонун маанилүү фактору болуп калганын белгиледи.

2011-жылы республиканын жүздөгөн айылдарын таза суу менен камсыздоо максатында “Таза суу” ири долбоору ишке кирип, быйыл Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтотту. Долбоор болжол менен 20 миллион АКШ долларын түзгөн. Үч жыл мурун кыргыз бийлиги 2023-жылга чейин өлкөнүн калкын таза суу менен толук камсыз кылууга убада берген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG