Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:43

Чек ара: Конституциялык сот келишим долбооруна корутунду бербеген себебин түшүндүрдү


Ош облусу. Кыргыз-өзбек чек арасы.
Ош облусу. Кыргыз-өзбек чек арасы.

Конституциялык сот 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу эки тараптуу келишимдин долбооруна "корутунду берилген жок" деген сынга жооп берди.

Конституциялык соттун депутаттарга жолдонгон катында Баш мыйзамдын 26-беренесине, "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга шилтеме берилген.
"Конституциялык сот демилгечи орган эмес, ошондуктан эл аралык макулдашуулардын долбооруна корутунду тийиштүү тарап макулдашуу Кыргызстандын Конституциялык мыйзамдарына туура келбесин негиздеп кайрылган учурда гана берилет. Чек ара маселелери боюнча эл аралык макулдашуу боюнча мурда эч кандай кайрылуу болгон эмес," - деп жазылган маалыматта.

Ага чейин Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу эки тараптуу макулдашуунун долбоору каралган учурда депутаттар Нуржигит Кадырбеков жана Адахан Мадумаров парламенттин регламентине ылайык чек араны ратификациялоо үчүн Конституциялык соттун корутундусу зарыл экенин, ал жок экенин айтышкан.

Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо үч окууда карап, кабыл алды.

Кыргыз-өзбек чек ара келишимине ылайык, Кыргызстан Өзбекстандан 19699 гектар жер алып, ордуна Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жерди берет. Ошондой эле чек арадагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишим да колдоо тапты. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG