Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Карылар үйүнө абаны тазалоочу жабдыктар орнотулду


Орнотулган жабдыктар.
Орнотулган жабдыктар.

Бишкектеги Карылар үйүнүн кайрымдуулук бөлүмүндө абаны тазалап туруучу атайын жабдыктар орнотулду. Бул тууралуу 17-ноябрда демилгени ишке ашырган “Провент” ишканасынан кабарлашты.

Ишкананын маалыматына караганда, бул автономдук вентиляция системасынын иштөөсүнө электр энергиясы жана адамдын кийлигишүүсү талап кылынбайт.

Жабдыктар бекер орнотулуп берилген бөлүмдө төшөктөн тура албаган кары адамдар жайгаштырылган. Өз алдынча басып-тура албаган карыялар үчүн бөлмөнүн өз алдынча желденип турушу маанилүү.

Бишкекте мамлекет каржылаган бир Карылар үйү бар. Андан тышкары соңку жылдары багар-көрөрү жок, жардамга муктаж кары-картаңдар үчүн жеке жайлар ачылып жатат. Адатта алар кайрымдуулук фонддорунун колдоосу менен иштейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG