Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Нобелдин лауреаты Эбади Ирандагы толкундоолорду "элдик революция" деп атады


Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади.
Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ширин Эбади Иранда бир нече айдан бери уланып жаткан толкундоолорду "элдик революция" деп атады.

Ал "Азаттыктын" грузин кызматына 17-ноябрда курган маегинде бул демонстрациялар ирандыктардын "Ислам республикасын каалашпай турганын" көрсөткөнүн айтты.

"Иран эли демократиялык, светтик өкмөттү каалайт. Ошондой гана өкмөт "аял, жашоо, эркиндик" деген ураанды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт", - деди Эбади.

Укук коргоочу жана мурдагы судья Эбади Ирандагы адам укуктарынын сакталышына кошкон салымы үчүн 2003-жылы Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты болгон.

Иранда көчөдө хижабсыз жүргөн деген негиз менен кармалып, абакта көз жумган 22 жаштагы Махса Амининин өлүмүнөн кийин жапырт нааразылык акциялары башталган. Аларды күч менен басууга аракет кылган тартип коргоочулар демонстранттарга каршы курал колдонгон.

Укук коргоочулар белгилегендей, 13-сентябрдан бери уланып жаткан толкундоолордо кеминде 342 киши каза болду. Алардын арасында ондогон балдар бар. 14 миңдей киши камалды. Демонстрацияларга студенттер, атактуулар, спортчулар, сүрөтчүлөр жана активисттер дагы кошулуп жатышат.

Иран бийлиги акцияларды АКШ жана Израил уюштурган "кутум" деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG