Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

Москва Вашингтон менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө даяр


Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков билдиргендей, Москва камактагыларды айырбаштоо боюнча Вашингтон менен келишим түзөрүнө үмүттөнөт.

Рябковдун айтымында, камакта жаткан жарандар арасында курал-жарак соодасы үчүн соттолгон орусиялык Виктор Бут дагы бар. Ал Америка түрмөсүндө 25 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

"Америкалыктар сыртынан активдүүлүк көрсөтүшүүдө, ал эми биз бул үчүн түзүлгөн атайын канал аркылуу иштеп жатабыз", - деди Рябков журналисттерге 18-ноябрда.

Камакта жаткан жарандарды айырбаштоо жараянынын алкагында жакында эле Орусияда тогуз жылга кесилген баскетбол жылдызы Бритни Гринер жана мурдагы аскер Пол Уилан дагы Вашингтонго өткөрүлүп берилиши мүмкүн.

Ошондой эле айырбаштай турган адамдардын катарына орус түрмөлөрүндө отурган башка америкалык жарандар да кириши ыктымал.

Өткөн айда мурдагы аскер Роберт Гилман "мас абалында полиция кызматкерине кол салган" деген кине менен 4,5 жылга кесилген. Июль айында АКШнын Москвадагы элчилигинин мурдагы кызматкери Марк Фогель "ири көлөмдөгү марихуана менен аткезчилик кылган жана маңзатты мыйзамсыз сактаган" деп күнөөлөнүп 14 жылга эркинен ажыратылган. Фогелдин айтымында, 20 грамм өлчөмүндөгү маңзатты медициналык максатта колдонуу үчүн дарыгер жазып берген.

Орусияда кесилген америкалыктардын бардыгы аларга тагылган айыптарды четке кагып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG