Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:39

Зеленский: Украин аскерлери бардык фронтто жеңишке жетишип жатат


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский аскерлери фронттун бардык тарабында жеңишке жетишип келе жатышканын, айрым аймактарда "келечектеги жеңиштер" даярдалып жатканын айтты.

Ал 18-ноябрдын кечиндеги жасаган кайрылуусунда Донецкиде кызуу салгылашуу болуп жатканын айтты.

"Кечээ эле Донецкиде Орусиянын жүздөй ракетасы атып түшүрүлдү. Донбасста позицияларды ээлеп турган бардык аскерлерибиз - чыныгы баатырлар", - деди Зеленский.

Украин куралдуу күчтөрүнүн Чыгыш тобунун маалымат катчысы Сергей Череватый Донецкидеги Бахмут жана Авдеев багыттары аймактагы "негизги очок" бойдон калып, Орусиянын аскерлери чоң жоготууларга учурап жатышканын билдирген.

АКШдагы согушту иликтеген институттун (ISW) изилдөөчүлөрү Орусия Донецкиде чабуулун күчөтүшү ыктымал экенин билдиришти. Ага ылайык, Херсондон чегинген орус аскерлери Донецк аймагына багытталышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG