Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

"Мага баары бир эмес". Жаран жана коом тууралуу жыйын (түз эфир)


Бишкекте "Мага баары бир эмес" деген аталышта V Жарандык форуму өтүп жатат. Анда "Бүгүнкү күндөгү жарандуулук, симптомдор, диагноз, эскертмелер", "Жарандуулук жана мамлекет", "Жарандуулук билими" жана "Эркиндик, укук, демократия" деген сессиялардын алкагында талкуулар болот.

Иш-чарага саясат таануучулар, укук коргоочулар, жарандык активисттер жана башка жарандар катышууда.

Форумду "Баштан башта" кыймылы уюштурду.

Уюштуруучу Улан Үсөйүн жыйындын алдында Фейсбук баракчасына мындай деген билдирүү калтырган.

"Кайдыгерлик - акыр кыяматтын белгиси дешет. Азыркы болуп жаткан нерсенин баарына биздин кайдыгерлигибиз себепкер! Добуш сатканыбыз, Айылдаш, тууган, таеке-жээн, биздики дегенибиз, Шайлоого барбаганыбыз, Көрүп, билип турсак да көрмөксөн болгонубуз, Эң негизгиси биздин сабатсыздыгыбыз, Билимсиздигибиз жаратты!!! Азыр өлкөнүн “татыктуу жараны” болуу, “жаран” деген макамды түшүнүү суу менен абадай керек болуп турат. Биздин өлкө бир нече адамдыкы эмес, бул ар бир жарандын өлкөсү! Ар бир жаран, улутуна, динине, тилине, жынысына карабай Кыргызстандын ээси!".

Кыргызстандын саясий тагдыры талкууланган жарандык форумдар буга чейин төрт жолу түрдүү аталыштарда өткөн. "Калып же кетиш керек" деген аталыштагы форум 2020-жылы 22-декабрда болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG