Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:58

Акыйкатчы Венеция комиссиясына талаштуу мыйзамга байланыштуу кайрылды


Атыр Абдрахматова
Атыр Абдрахматова

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) демократиялык институттар жана адам укугу бюросу менен Венеция комиссиясына кайрылып, бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбооруна биргелешип укуктук баа берүүнү өтүндү.

Акыйкатчынын кайрылуусунда президенттин администрациясы демилгелеген мыйзам долбоору Кыргызстандын Баш мыйзамына, Саясий жана жарандык укуктар тууралуу эл аралык пактка туура келбей турганы белгиленген.

"Жаңы мыйзам долбоорунун авторлору азыркы мыйзамдардын бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө таасирин терең изилдебей туруп, жаңы мыйзам долбоорунун зарылчылыгын жалпыланган түшүнүктөр менен негиздеп жатат. Алардын каалоосу жарандардын эркин биригүүсүнө каршы Башкы прокуратуранын жана Юстиция министрлигинин көзөмөлүн бекемдөө. Демократиялык, укуктук өлкөдө мындайга жол берилбеши керек", - деп жазылган кайрылууда.

Акыйкатчы президенттин администрациясынын негизги милдети мамлекет башчынын ишмердүүлүгүн Конституциянын, адам укугунун, эркиндигинин, мыйзам үстөмдүгүнүн жана эл бийлигинин кепилдиги катары камсыздоо экенин эскерткен.

Акыйкатчы институту кайрылуусунда президенттик администрация "Маалымат каражаттары тууралуу" жаңы мыйзам долбоору боюнча да ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укугу бюросуна жана Венеция комиссиясына кайрыларын билдирди.

2-ноябрда президенттик администрация бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документке ылайык, "чет өлкөлүк бейөкмөт уюм" деген түшүнүк кирип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт. Долбоор колдоо тапса, бардык бейөкмөт уюмдар тизмеге алынат, аларды Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги толук көзөмөлдөйт, каржылык текшерүү күчөйт, айрымдарына мамлекет колдоо көрсөтөт.

Бийликтин бул сунушун бир катар укук коргоо уюмдары сындап чыгышкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG