Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат


Кезексиз президенттик шайлоого карата Казакстанда 10 миңден ашык добушканалар ачылып, добуш берүү жүрүп жатат. Шайлоодо учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев жана андан башка беш талапкер ат салышууда.

Алар: Социалдык кызматкерлердин улуттук альянсынан көрсөтүлгөн Каракет Абден, Жалпы улуттук социал-демократиялык партиядан көрсөтүлгөн Нурлан Ауесбаев, «Ауыл» партиясынан Жигули Дайрабаев, «Аманат» кесиптик кошуундар шериктештигинен Мейрам Кажыкен жана «Казак энелери-салка жол» коомдук бирикмесинен көрсөтүлгөн Салтанат Турсынбекова. Көптөгөн эксперттер бул талапкерлерди учурдагы президенттин формалдуу атаандаштары деп атап жатышат.

Казакстанды 2019-жылдан бери башкарып келе жаткан 69 жаштагы Токаевди парламенттеги үч фрация жана ондогон уюмдардын башын кошкон «Элдик коалиция» көрсөттү. Астанада добуш берген Касым-Жомарт Токаев журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал шайлоодон кийин учурдагы өкмөт өз ишин улантарын айтып, бирок айрым кадрлык чечимдер кабыл алынарын кошумчалады. Ошондой эле учурдагы президент кийинки жылга белгиленген кезексиз парламенттик шайлоонун мөөнөтүн да жыл аягында жарыяларын билдирди.

Казакстандагы кезексиз шайлоо быйыл жыл башында орун алган Январь окуяларынан 10 ай өткөн соң өтүп жатат. Анда өлкөнүн бир катар аймактарындагы элдик толкундоолор учурунда 240ка жакын адам каза болгон. Бийлик муну «террорчулардын чабуулу», «мамлекеттик төңкөрүш аракети» деп атаган. Бул окуядан кийин өлкөнү 30 жылга жакын башкарган мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин таасири төмөндөп, бийлик Токаевдин колуна топтолгонун эксперттер белгилеп келишет.

Январь окуяларынан соң Токаевдин демилгеси менен Конституция өзгөртүлүп, президент бир гана жолу шайлана алат деген норма кирген. Бирок өлкө башчысы мурдагыдай беш жылга эмес, жети жылга шайланып калды. Ошондой эле шайлоо бюллетенине «Баарына каршы» деген графа киргизилди.

Шайлоонун алдында бийликке сын айткан бир катар жарандык активисттер кармалды. 17-ноябрда өлкөнүн Коопсуздук комитети шайлоо күнү өлкөдөгү массалык башаламандык кылууну каалаган делген жети активист кармалганын жарыялаган.

Калкынын саны 20 миллион адамды түзгөн Казакстанда 12 миллионго жакын шайлоочу бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG