Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Назарбаев Карим Масимовдун артында ким турганынан кабары жок экенин айтты


Нурсултан Назарбаев Астанада добуш берүү маалында. 20-ноябрь, 2022-жыл
Нурсултан Назарбаев Астанада добуш берүү маалында. 20-ноябрь, 2022-жыл

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Астанада кезексиз президенттик шайлоодо добуш бергенден кийин журналисттердин айрым суроолоруна жооп берип жатып Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Карим Масимовдун артында ким турганын билбегенин айтты.

Ал «мамлекеттик чыккынчылыкка» айыпталып, ушул аптада соту башталган Масимов тууралуу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып: «Мени бул суроо кызыктырат. Тергөөнүн жана соттун жыйынтыгын күтүп жатам. Эмне себеп болгон жана бул маселенин артында ким турган? Абдан оор маселе. Масимов мени менен көптөгөн жылдар бою иштеген. Бирок Иса пайгамбар жанындагы Иуданы билгенби? Биз кудай эмеспиз. Ошондуктан, соттун чечимин көрөбүз жана чындыкты билебиз»,-деп билдирди.

Ал иниси Кайрат Сатыбалды тууралуу суроого жооп берип, ага карата сот чечими адилетсиз болсо айыпталуучунун даттанууга укугу бар экенин кошумчалады.

Казакстанды 30 жылга жакын башкарган 82 жаштагы Нурсултан Назарбаев 2019-жылы өз бийлигин үзөңгүлөшү Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Бирок анын үй-бүлө мүчөлөрү өлкөдөгү бийлик органдарында калган. Быйыл январь айында Казакстанда элдик толкундоолор орун алып, Назарбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө нааразылыктар айтылган.

Ошондон кийин Нурсултан Назарбаевдин таасири төмөндөп, бийлик Токаевдин колуна топтолгонун эксперттер белгилеп келишет. Аны менен чогуу иштеген өлкөнүн мурдагы премьер-министри, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Карим Масимов жана иниси Кайрат Сатыбалды камалган. Назарбаевдин дагы бир иниси Самат Абиш УКМКнын төрага орун басарлыгынан кеткен, кызы Дарига Назарбаева Сенаттагы депутаттык мандатын тапшырган.

2019-жылы өлкөнүн баш калаасы Нур-Султан деп атала баштаса, быйыл кайрадан Астана деген эски аталышы калыбына келтирилди.

Январь окуяларынан кийин президент Токаевдин демилгеси менен Конституция өзгөртүлүп, 20-ноябрда кезексиз президенттик шайлоо өтүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG